У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токмоктогу 3 жыл бою өгөй атасы зордуктап жүргөн кыз кайра эле өгөй атасы жашаган үйгө барды


Токмокто 3 жылдан бери өгөй атасы тарабынан зордукталып келген 13 жашар кыз апасынын жана бир туугандарынын жанына, тактап айтканда өгөй атасы менен чогуу жашап келген үйгө кайтып барды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, кыз Республикалык психикалык саламаттык борборунда жатып дарыланган соң ооруканадан чыгарылып, үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүнө жеткирилген.

Кыздын адвокаты Шердор Абдыкапаров «өгөй атасынан кордук көргөн кызды Чүй облустук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы окуяны жаап-жашырып келген апасынын колуна кайтарып берди» деп маалымат тараткан. 

Министрлик болсо кыз апасына кеткиси келгенин, 10 жаштан жогору балдар өз каалоосу жок асырап алуучу үйгө жиберилбей тургандыгын, кыздын каалоосу менен мурда жашап жүргөн үйгө кайтканын айтышат:

«4-январь күнү кыз апасынын жана бир туугандарынын жанына кеткиси келип жатканын билдирген. Балдар кодексинин 43-беренеси боюнча, 10 жаштан жогору балдардын асырап алуучу үй-бүлөгө, мыйзамдуу багып алуучу адамга барышы өзүнүн каалоосу менен гана жүргүзүлөт. Кыздын жана апасынын каалоосуна ылайык, Чүй облустук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын чечими менен кыз апасына берилди», деп жазылган.

Ал эми кыздын өгөй атасы аталган окуя боюнча камакка алынган.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter