У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ИИМ: Өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылгандарга катуу чаралар көрүлөт


 
Бүгүн 6-январдагы маалымат жыйынында ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов шайлоо маалында коомдук тартипти сактоого 9 миңден ашык элдик кошуун тартылгандыгын билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагындагы 2 миң 426 шайлоо тилкелерине 5 миң 400дөн ашык милиция кызматкери бекитилди. 
 
 
“Шайлоо учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөөгө 11 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Башка ведомстволордун 2 миң 100 кызматкери да иш алып барат. Ошондой эле 9 миңден ашык элдик кошуун милиция кызматкерлерине көмөктөшөт”, -деди ал.
 
Ошондой эле Октябрь Урмамбетов Кыргызстандагы кырдаалды ар кандай жолдор менен туруксуздаштырууга аракет кылгандарга мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлүп, күнөөкөрлөр жоопкерчиликке тартыла турганын айтты. 
 
«Ички иштер министрлиги кырдаалды туруксуздаштырууга жол бербейт жана мыйзам чегинде коомдук тартипти бузгандарга чара көрөт. Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. Айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган билдирүүлөрдү таратып жаткандыгын билебиз. Мыйзамсыз аракеттер, чагымчылдык аракеттер бир гана мамлекетке жана коомго зыян алып келбестен, республиканын башка жарандарына дагы коркунучтарды жаратууда. Айрым кызыктар тараптар өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, чыр-чатак чыгарууга аракет жасашып, кырдаалды туруксуздаштырууну ойлошууда. Ар бир мыйзамсыз аракеттер үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет»,-деди Урмамбетов.
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter