У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


12 адам аракка ууланып, экөө каза болду


 
Өзбекстандын Наманган облусунда он эки адам Кыргызстандын акциздик маркасы менен аракка ууланышты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
 
29-31-декабрь аралыгында жарандар спирт ичимдиктерин ичүүнүн кесепетинен ууланып, ооруканага түшкөн. Дарыгерлер тарабынан көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан, алардын экөө көз жумган.

Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынын башчысы Хаёт Шамсутдинов өзүнүн Telegram каналында 29-31-декабрь аралыгында жарандар спирт ичимдиктерин ичүүнүн кесепетинен катуу уулануу менен ооруканага түшкөндүгүн тактады.

Өзбекстандын көзөмөл органынын өкүлү жабырлануучулар Кыргызстандын акциздик маркасы коюлган аракка ууланышканын белгиледи. Уулангандар Наманган облусунун Туракурган районундагы ооруканага жаткырылды. 
 
«Керектүү медициналык жардамга карабастан, алардын экөө каза болду», - деди Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси.
 
 Бул факты боюнча Туракурган районунун прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter