У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нуржан Шайлдабекова, БШК төрайымы: «Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылбайт»

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жылдырылбай, белгиленген мөөнөттө өткөрүлөрүн айтты. Шайлдабекованын айтымында, жугуштуу илдеттин алдын алыш үчүн БШК бир катар чараларды иштеп чыгат.
 
Бул боюнча БШКнын жетекчиси: «Үгүт иштери жүрүп жатат. Биз массалык жолугушууларды азайтып, башка үгүт формаларына өтүүнү сунуш кылып жатабыз. Мыйзам боюнча талапкерлер эл менен жолугууга укуктуу», - деп билдирди.
 
Аш-тойго, маданий иш-чараларга тыюу салгандай эле, шайлоо өнөктүгүн да жылдыруу зарыл болчу. Эмне шайлоого келгенде эле коронавирус боюнча көрүлүп жаткан коопсуздук шал болуп иштебей калабы. Буларга элдин саламаттыгы эмес, бийлик, шайлоо керекпи? Коронавирус коопсуздугунан да шайлоо өнөктүгү маанилүүбү?..
 
Ушул тапта Кыргызстанда беш шаарда жана бир нече айылдарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык өнөктүгү жүрүп жатат. Балыкчы, Каракол, Майлы-Суу, Ош жана Токмок шаар кеңештерине 22 саясий партия ат салышууда. Шайлоого үгүт иштери 13-мартта башталган, добуш берүү 12-апрелде болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter