У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ичинде 2 жаштагы бөбөк да болгон...Таластагы тез тамактануучу жайдагы өрттүн кесепети...


Талас облусунда тез тамактануучу жайдагы газ баллон жарылып, анда тамактанып жана иштеп жаткан 11 адам жаракат алган. Алардын төртөөнүн абалы өтө оор деп баланып жатат. Мындан улам жаракат алгандарды дарылоо боюнча дарыгерлер консилиум өткөрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда Кара-Буура аймактык ооруканасында 10 адам дарыланууда, арасында 2018-жылы төрөлгөн 2 жаштагы бала дагы бар. Бир бейтап медициналык кароодон кийин чыгарылып, үйүнөн дарыланып турмай болгон.Аймакка Талас облустук ооруканасынан реаниматологдор менен травматологдор жөнөтүлгөн. Ошондой эле санавиация линиясы боюнча комбустиологдордун телефон аркылуу консультациясы уюштурулган.

Бүгүн ӨКМдин маалымат кызматы тез тамактануучу жайдан тышкары бир павильондо эт, уюлдук телефон саткан дүкөн жана чачтарачкана күйгөнүн маалымдады. Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрди түзөт.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter