У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды


УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды. Буга Сүйүмбаевдин суракка келбей койгондугу себеп болгон. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары боюнча айыпталууда.

"Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку орун басар Болот Сүйүмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн бир нече ирет суракка жана башка тергөө иштерине чакырылган. Бирок ал суракка келбей жаткандыгына байланыштуу УКМК тергөө органдары тарабынан Жазык кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 223-берененсинин 2-бөлүмү ("Экономикалык контрабанда") боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, издөө жарыяланган", — деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter