У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


4 адамдын абалы өтө оор. Таластагы тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, адамдар зыян тартты


Талас облусундагы Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы тез тамактануучу жайдагы газ баллон жарылып, 11 адам жабыркады, алардын төртөөнүн абалы өтө оор деп бааланууда. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, күйүк алган 11 киши Кара-Буура райондук ооруканасына жеткирилген.

"Төрт адамдын абалы өтө оор деп бааланып жатат", — дешти ӨКМден.

Талас облустук ооруканасынан реаниматологдор менен травматологдор жөнөтүлдү. Ал эми санавиация линиясы боюнча комбустиологдордун телефон аркылуу консультациясы уюштурулат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter