У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Профсоюздар федерациясынын үйүндө чыр чыгып, 5 адам сабалды


Бүгүн, 4-январда Профсоюздар федерациясынын үйүндө чыр чыгып, 5 адам сабалганы маалым болду. Белгисиз адамдар төрага Сагынбек Бозгумбаевден иш бөлмөсүнөн чыгып кетүүнү талап кылышкан. Алар ага карата кылмыш иши козголгонун айтышты.

Имаратка Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барып, чогулгандарды тынчтандырууга аракет кылышкан. Бирок аягында Бозгумбаевди сыртка чыгарууга туура келди.

С.Бозгумбаевдин өзүнүн айтымында, бүгүн эртең менен аны иш бөлмөсүнө бейтааныш адамдар киргизбей коюшкан. Ал адамдар федерацияга тиешеси жок деп эсептейт.

Ал 2020-жылдын 25-декабрындагы съездде төрага болуп шайланганын белгиледи. Буга чейин мурунку төрага Мирбек Асанакунов С.Бозгумбаевдин мыйзамдуу шайланганы тууралуу сөзүн четке каккан болчу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter