У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эркек кишинин экөөлөп сабады деп ГБРдин кызматкерлери кармалды


Бишкекте кафелердин биринде эркек кишини сабады деп айыпталып күзөт агенттигине тиешелүү Ыкчам аракетке келчү топтун (ГБР) эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Кайгуул милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 2-январь таңга маал саат 04:45те милицияга Киев көчөсү менен Орозбеков көчөсүнүн кесилишиндеги кафеде эркек кишини белгисиз бирөөлөр сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Кайгуул кызматынан барышкан. Ал жактан 32 жаштагы жабыркаган адам милицияга арыз жазып, аны эс алуучу жайдын ичинен ГБР кызматкерлери мазактап, сабашканын айткан.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.


 

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter