У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мүлкүн ачыктагандар кол тийбестикке ээ болушат. Жаңы мыйзам күчүнө кирди


2020-жылдын 5-ноябрында кабыл алынып, президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов 9-декабрда кол койгон  "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" мыйзамы бүгүнтөн тарта күчүнө кирди.

Ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 2021-жылдын январынан 31-декабрына чейин. Декларант бул мезгил ичинде ушул мыйзамдын талаптарына ылайык, ыктыярдуу декларациялоо үчүн ыйгарым укуктуу кызмат адамына кайрыла алат.

Мыйзамдын негизги максаты — мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу. Декларациялануучу мүлктүн жана анын ээсинин кол тийбестигине кепилдиктерди белгилөө жана мүлк менен кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо процессинин купуялуулугун сактоо болуп саналат.Ошондой эле ыктыярдуу декларациялоо көмүскө мүлктүн жана кирешенин бир бөлүгүн мыйзамдуу жүгүртүүгө киргизүүгө мүмкүндүк берип, экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө алып келери айтылат.
Кирешелерди жана мүлктү ыктыярдуу декларациялоо жалпы декларациялоого өткөнгө чейинки даярдык этабынын бир бөлүгү болуп саналат.

Ыктыярдуу декларациялоо үчүн мыйзамда төмөнкү милдеттенмелер белгиленген:
  • декларациянын бланкынын наркын төлөө;
  • нотариалдык иштер үчүн мамлекеттик алымдарды төлөө;
  • Эгерде ыктыярдуу декларациялоо объектилеринин наркынын суммасы декларациялык босогодон ашып кетсе (70 миллион сомдон):
  • декларациялоо объектисинин наркынан бир пайыз өлчөмүндөгү акча каражатын киргизет;
  • же жети жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик баалуу кагаздарды декларациялоо объектисинин наркынын 10 пайызына туура келген каражатка сатып алат. Ал үчүн жылына 5 пайыздык киреше көрөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter