У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балбак Түлөбаевдин мурдагы жардамчысы "Газпром" спорт комплексинин жетекчи орун басары болду


Бишкектеги "Газпром - балдар үчүн" ден соолукту чыңдоочу спорт комплексинин директорунну орун басары болуп, мушкер Дастан-Али Шаршеев дайындалды. Ал эми анын жетекчиси болуп, Ишенбек Дүйшеев кызматка келди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Балбак Түлөбаев кол койгон.

"Спорт комплексинин жетекчиси болуп Ишенбек Дүйшеев дайындалса, орун басары спортчу Дастан Шаршеев болду. Ал буга чейин мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин жардамчысы болчу. Эми шаар башчысынын убактылуу жетекчисине Максимилиан Погиба жардамдашат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Түлөбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  болуп дайындалганда, Шаршеевди жардамчы кылып ишке алганын жар салышкан. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter