У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


2021-жыл – жакшылыктар коштогон, ийгилик жылоологон акжолтой, бакубат жылдардан болсун!



Урматтуу кыргыз элим, кадырман калкым!

Сиздерди келе жаткан 2021-жаӊы жылыӊыздар менен куттуктайм! 
Жыл жаңырып, мезгил алмашкан учурда ар бир инсан жаңы жылды жаңы үмүт, жаңы кыялдар менен күтөт. Жаӊы жыл – эл-жерибизге береке, молчулук, токчулук, ынтымак алып келген жыл болсун!

Өтүп бараткан жыл бүткүл дүйнө боюнча сыноонун жылы болду. COVID-19 пандемиясы миӊден ашык жарандарыбыздын өмүрүн алды. Бул апаат бир эле Кыргызстанды гана эмес, экономикасы дүркүрөгөн мамлекеттердин дагы шайын оодарды. 
Ошентсе да, бүткүл дүйнө элинин башына түшкөн мүшкүл, элибиздин биримдигин чыӊап, кайратын арттырды. 

Акылман калкыбыз оор кырдаалда бирин-бири колдоп, ынтымактын, кенендиктин, тереӊдиктин бийик үлгүсүн көрсөттү. Мен элимдин кайратына, ынтымагына сыймыктандым! 

Мына алдыда мамлекетибиздин келечегин аныктай турган башкаруу системасын тандоо, Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо өнөктүгү турат.

Зирек, акылман элибиз бул саясий процесстерге активдүү катышып, туура тандоо жүргүзөт деп ишенем. Азыр саясий-экономикалык, социалдык-маданий өзгөрүүлөр тездик менен жүрүүдө. Демек, мамлекетибиздин беделин арттыруу, элибиздин жашоо-шартын көтөрүү багытында ыкчам, тез чечимдерди кабыл алуу милдети турат. 

Ал үчүн өткөндү кектеп, артка кылчактабай, жаӊы дем, жаӊы көз караш менен алдыга умтулушубуз зарыл. 

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Жаӊы жыл – жакшылыктар коштогон, ийгилик жылоологон акжолтой, кут-береке орногон бакубат жылдардан болсун! 

Жаӊы жылыӊыздар кут болсун!


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter