У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үнөмдөө максатында..."Түндүк электр" үч фазалуу система берүүнү токтотту


"Түндүк электр" ААКсы 28-декабрдан тарта 2021-жылдын 1-апрелине чейин тиричилик керектөө үчүн үч фазалуу системаны коштурууга техникалык шарттама берүүнү токтотту. Бул тууралуу ишканадан кабарлашты.

Мындай чаралар электр энергиясы аймактарда өтө көп пайдаланылып жаткандыктан, үнөмдөө максатында ишке ашууда.

Ошол эле учурда үч фазалуу система аны буга чейин кошкон абоненттерде кала берет. Ал эми жаңы кардарларга убактылуу жеткиликсиз болот.

Чүй жана Талас облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында электр энергиясынын суткалык керектөөсү күн санап өсүп жаткандыктан, ишкана декабрдан бери кардарларды жарыкты үнөмдөөгө чакырып жатканын айтты. Бөтөнчө эртең менен жана кечинде сарамжалдуу колдонуу керек.

Бюджеттик уюмдардын арасында да лимиттин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter