У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президенттик шайлоодо Жапаров жеӊсе митингдер болобу? Талапкерлердин жообу…


Бишкекте өткөн пресс-конференция учурунда бир катар президенттикке талапкерлер Садыр Жапаров президенттик шайлоодо жеңип чыкса митингдер жана нааразычылыктар болобу деген суроого жооп беришти.
 
Каныбек Иманалиевдин айтымында, муну убакыт жана шайлоочулардын шайлоонун жыйынтыгына болгон пикири көрсөтөт. 
«3-октябрда да эч ким 6-октябрда көтөрүлүш болуп кетет деп күткөн эмес. Ал кезде мыйзам бузуулар мынчалык одоно болгон эмес», -деди ал. 
 
Клара Сооронкулова белгилегендей, тынч митингдерге чогулуу ар бир жарандын укугу. «Биз нааразычылык акциясына чыгышыбыз мүмкүн, анткени мындай акыйкатсыздыкты көрүп туруп унчукпай отура албайыз. Бирок тынч гана митингдерди өткөрөбүз», -деди Сооронкулова. 
 
Адахан Мадумаров эл Кыргызстан эл аралык коомчулукта татыктуу орунду ээлейби же жокпу айкын түшүнүшү керек деди.
 
«Эгерде шайлоо ушундай жол менен өтсө, анда мен Кыргыз Республикасы татыктуу орунду ээлейт дегенден күмөн санайм, анткени биздин чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдары менен шайланган адамдар менен гана кызматташарын ачык эле билдиришти», - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter