У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Курсак тойгузбаган куру чечендигиңизден башка элге жарыгыңыз тийдиби?

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаровго оңтойсуз суроолор?..


- Урматтуу Адахан Кимсанбаевич, жыгылган күрөшкө тойбойт дегенди кандай түшүнөсүз? Президенттик шайлоо болгон сайын аламан жарышка түшүп, ар дайым маарага жетпей жыдыйсыз. Бул дегендик эл сизди колдобой турганын айгинелейби, же сизди эл түшүнбөй жатканын далилдейби? 

Мына сиз Бакиевдер бийликтен кеткенден бери оппозицияда жүрөсүз. Сизде өзгөрүү болдубу? Кадырыңыз калыңдап, аброюңуз арттыбы? Же тескерисинче төмөндөдүбү? Бакиевдин доорун эстегенде эмне көз алдыңызга тартылат? Сизди Каркыра менен Бактендеги жерди сатты дешип коомдо айыптагандар арбын. Элдин, жердин кусуру тийип, жолум ачылбай жатат окшойт деп ойлонуп көрдүңүзбү?

Көпчүлүк сизди өзүнөн башканы киши катары санабаган жеткен текебер деп билишет, чынбы? Ошол себептен, аттуу-баштуулардын көбү сизден жаа бою качып, мамиле күткүсү келбейби? Жаныңызда тегеректеп жүргөндөрдүн жоктугу, сиздин текеберлигиңиздин кесепети деп түшүнсөк болобу? Өзүңүздөн башка деги кимди акылдуу деп эсептейсиз?

Бул жолу шайлоодо жеңем деген ишенич барбы? Же көндүм адат боюнча шайлоого кожо көрсүнгө катышып жатасызбы? Курсак тойгузбаган куру чечендигиңизден башка элге жарыгыңыз тийдиби?


Пикир калтыруу
  • Tlvloo
  • 26-11-2022, 20:14
  • : 20:14
    • Нравится
    • 0
order levofloxacin for sale oral levofloxacin 500mg
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter