У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Ханституция" же, бийлик бир адамга байланганда...


"Король умер, да здравствует король"

Бийлик башынан туура эмес отурду. Мыйзамды тебелеп тепсеп жатышат. Акаевди да, Бакиевди да жалпы жаамы журт, авторитардык жана үй-бүлөлүк башкаруусу үчүн кубалап чыгышкан. Атамбаев жана СДПК партиясы башында турган бийлик башкаруу системасын өзгөртүү үчүн парламенттик президенттик башкарууну киргизип, конституцияны өзгөртүшкөн. Бийлик бир колго топтолбой фракциялар, коалициялык бирикмелер реалдуу башкарууга барышты эле. Атамбаев жеке бийлигин күчөтө албай, тескерисинче реваншистер, Бакиевдин кадрлары саналган "Ата Журт" партиясы парламентке көпчүлүк добуш менен келди. Бул да болсо демократиянын шарапаты эле.

Атамбаев бийликтен кетти. Ордуна келген Сооронбай Жээнбеков бийликти бир колго эмес, парламентте отурган инисине берди. Парламенттаризм баалуулугунун жаназасы ошентип окулду. "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" партиялары реалдуу түрдө бийлик талашып, өңүттү Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков менен олигарх жана коррупцияга шектелген Раим Матраимовго бөлүндү. Чынын айтыш керек, бийликтин түбүнө дал ушул эки фигура жетти. Жеке бийликтен тажап бара жаткан эл Жээнбековдорду кубалап, ордуна түрмөдө жаткан Садыр Жапаровду президент кылганга ашыгып жатышат.

Тилекке каршы, кечээ эле демократия деп жүрүшкөн эки дос Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бийликке келип келбей жатып, демократмянын фундаменталдык баалуулуктарына сокку урду. Мындан ары демократия деген сөздү унутабыз. Садыр Жапаров биринчи кадамы менен эле өлкөгө президенттик башкаруу киргизерин, парламенттик эмес, жеке бир адам башкара турган авторитардык система түзө турганын айтты. Кыргызстан жылдап эмес, кылымдап күтүп келген бийлик тең салмактуулугунан, жалпы башкаруудан, элдик бийликтен ажырап, бир адамдын көзүн караган ит турмушка келе жатат. 

Эл аралык уюмдар, Европа, АКШ баштаган мамлекеттер буга чейин Орто Азиядагы демократия аралчасы атаган Кыргызстан ошентип бир эле күндө болгон баалуулугунан ажырап, "Ханституцияга" айланганы туру. Феодалдык коомдогу хан шайламай жолго бара жатабыз. Коңшу Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу авторитардык бийликке эгедер болмой болдук. Бул биз үчүн өтө чоң коркунуч. Жалпыңыздар билгендей авторитардык мамлекет эч качан өнүкпөйт. Бир адам бийлеген бийликтин келечеги жок. Эгерде, бир адам бийлеген бийлик өнүгүп кетсе анда эле Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россия гүлдөп, куунап кетмек. Тилекке каршы,  тарых көргөзгөндөй бир дагы жеке бийлик кылган мамлекеттер өнүгө алган жок.

Биз ошентип парламенттик бийликке чекит койгону жатабыз. Урматтуу Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев мырзалар! Силер тез арада кабыл алып жаткан чечимдериңиздерден баш тартып, парламенттик башкаруу, жалпы демократиялык коом курууга аракеттенбесеңиздер келечегиңер бүдөмүк болот. Биз демократиялык коом куруп, парламентаризмди өнүктүрбөсөк авторитаризмдин келечеги жок. 

Бердибек уулу Бейшен


Пикир калтыруу
  • Ftqfia
  • 28-11-2022, 04:18
  • : 04:18
    • Нравится
    • 1
purchase levaquin levofloxacin sale
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter