У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мамлекеттин карызы бир айдын ичинде 12 миллиард сомго өскөн


 
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылдын 31-октябрына карата мамлекеттик карыз (тышкы + ички) 4 миллиард 843,81 миллион долларды (396 миллиард 223,63 миллион сом) түздү. Анын ичинде 4 миллиард 185,3 миллион доллар (342 миллиард 357,46 миллион сом) - тышкы, ал эми 658,51 миллион доллар (53 миллиард 866,17 миллион сом) – ички карыз.
 
Бир ай ичинде өлкөнүн мамлекеттик карызы 17,35 миллион долларга, же 12 миллиард 37,55 миллион сомго көбөйгөн. Ошол эле учурда тышкы карыз 14,17 миллион долларга, же 10 миллиард 335,43 миллион сомго, ал эми ички карыз 3,18 миллион долларга, же 1 миллиард 702,13 миллион сомго көбөйгөн.
 
Октябрь айынын аягында мамлекеттик карыз ИДПнын 67,94 пайызын түздү. 
 
Кыргызстан барынан эӊ көп чет өлкөдөн алынган жеңилдетилген насыяларга - 1 миллиард 871,16 миллион доллар (тышкы карыздын 44,7 пайызы) жана Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкына - 1 миллиард 780,57 миллион доллар (Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын 42,5 пайызы) карыз.
 
Булак 24. kg


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter