У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дүйнөлүк Кубокто жеӊишке жеткен спортчулар менен машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар берилди

 
 Бүгүн, 23-декабрда, президенттин милдеттин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрүн жана Белградда өткөн Дүйнөлүк Кубокто байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар менен машыктыруучуларды куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
 
Иш-чарага байге ээлери; Айсулуу Тыныбекова, Жоломан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Руслан Царев, Калы Сулайманов, Айпери Медет кызы, Исламбек Орозбеков жана ошондой эле машыктыруучулар штабы катышты. Спортчу Айаал Лазарев шаарда жок болгондуктан иш-чарага катыша алган жок.
 
Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов куттуктоо сөзүндө кыргыз балбандары Дүйнө Кубогунда татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүп, 3 алтын жана 5 коло медалга ээ болуп, жыйынтыгында жалпы медалдык эсепте экинчи орунду ээлегенин мыкты көрсөткүч деп баалады. 
 
Балбан Айсулуу Тыныбекова курама команданын мүчөлөрүнүн атынан бардык мекендештерге жана күйөрмандарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, ал улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековдун кыз-келиндер күрөшүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон жана Кыргызстандын атын бүткүл дүйнөгө даңазалаган эмгегин баса белгиледи.
 
Талант Мамытов спортчуларга жана машыктыруучуларга мамлекет башчынын резервдик фондунан бөлүнгөн акчалай сыйлыктарды тапшырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter