У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутаттар тарасын, тарабасын?..

Бул Акаевден калган таберик сая­сат. Бул шылтоого Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы отко май чачкан­дай эле таасир калтырып жатат. Себеби бирөө эле. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын компетентсиздиги. Жетимиш пайыз олигархтык, отуз па­йыз ар кошкон, бандит чалыш парла­ментти компетенттүү парламент деп айтуунун өзү ыңгайсыз. Ал тургай аны депутаттар да мойнуна алат. Бир-эки мисалын эле айтсак. Экс депутат Асыл­бек уулу Дамирбек контрабандист эле эмес, башка өлкөнүн жараны болуп чыкты. Дагы бири ошол эле контрабан­данын айынан атышкандардын жакы­ны, тиешеси бары болду. Аравандык эки депутат мушташты. Өмүр бою кө­чөдө мушташып жүрүп депутат болгону бар. Ун сатып жүргөнү, бензин сатып оокат кылганы, уурулукка шек­телгени... Анан ушул парла­менттегилер­д и к а н т и п депутат деп айтканга ооз барат? Коом­чулук иренжип, алар отурган имаратка чейин барып түкүрүп кетип жатканда­ры мына дал ушундан. 

Парламент табиятында полемика­нын, идеялар, көз караштардын плю­реализмин чагылдырган трибуна бол­со, азыркы ЖК аны «базарга» айлантып жиберди. Коомчулук мындай парла­ментти кескин сындап, "базар парла­мент" кетсин десе, айрым эл өкүлдөрү чычалап "биз базар эмес, парламент­пиз" дейт. Өмүр бою телевиденияда иштеп, журналисттик билими бар чы­канактай кызды КТРКнын Байкоочу кеңешине өткөрө албай, Каракол шаа­рынын базар башчысын ал кейиштүү кеңешке алып келген парламентти "ба­зар парламент" дебегенде кандай пар­ламент деш керек??? Өз добуштарына кайра каршы чыккан, элементардуу эсепти санай албаган ЖКга элдин сыны акыйкаттуу экенин бул учурда моюн­га алууга акылуубуз. Коомчулук мындай сындоого моралдык укугу бар. 

Айрым бөйрөктөн шыйрак чыгарган­дар "Эл өзү шайлады, элдин тандоосу болду" деп айтышы мүмкүн. Ошол «ба­зар парламентти» түзүүчүлөр учурунда мындай көөнү этеги менен жашырып, бардык кандидаттарды апакай кылып мактап, акчасын алып, кайра элге та­ратып отуруп ушул кургуйга дал ошол партия лидерлери алып келди. Демек коомчулук азыркы парламентке баа бериш үчүн азыркы беш фракциядан турган партияларды шайлабашы керек. Ансыз «базар парламент» жүрүшү улана берет.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter