У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кочкор районунда жаш келин үч кызы менен иске ууланып каза болду


 
Нарын облусундагы Кочкор районунда жаш келин үч кызы менен иске ууланып каза болду. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
 Окуя болжол менен 19-декабрга караган түнү болгон. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, алар көмүрдөн чыккан иске ууланышкан. Иске уулануудан 1982-жылы туулган жаш келин жана 11, 9, 7 жаштагы кыздары каза болгон. Беш жаштагы баланын ооруканага жаткырылганы айтылууда. 
 
Милицияга маркум келиндин агасы кайрылган. Текшерүү учурунда аларга күч колдонулганы аныкталган эмес. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter