У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аскер бөлүгүндө асынып каза болгон жоокердин өлүмү иликтене баштады


Бишкекте Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жаткан жоокердин өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Азамат Оторбаев маалымат каражаттарына билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, 21-декабрда Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер асынып алган абалда табылган. Окуя болжол менен 5:30дар чамасында болгон. Каза болгон жоокер 22 жашта болчу. Анын аты -жөнү ачыкталган жок. Ал жогорку окуу жайды аяктагандан кийин аскерге мөөнөтүү кызмат өтөө үчүн чакырылган. 
 
Учурда окуянын себептери такталып жатат. Бул боюнча Бишкек шаардык Аскер прокуратурасы сотко чейинки териштирүү иштерин баштады. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter