У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурбек Изабеков: «Биз чет өлкөдөн сунуштарды абдан көп алдык, азыр да сунуштар түшүүдө…»


Дүйнө биринчилигинде бардык атаандаштарын татыктуу жеӊип, алтын медалдын ээси болгон балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбековага дүйнөнүн эӊ күчтүү өлкөлөрүнүн сунуштар түшүп жатат. Алар мыкты шарт жана эӊ жогорку айлык, чоӊ кирешени сунушташтууда. Бул тууралуу Айсулуунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков Би-Би-Сиге берген маегинде билдирди. 

«Биз дүйнөнүн кубаттуу өлкөлөрүнөн укмуш шарттарды убада кылган сунуштарды абдан эле көп алдык. Азыр да болуп жатат. Мына Орусиянын канча спортчулары башка күчтүү мамлекттердин атынан чыгып, алардын желегин көтөрүп жатат. Өзгөчө кавказ тектүү балбандардын башка мамлекеттердин атынан чыгып жатышы буга мисал. Укмуш шарттар менен чакырганына карабай биз эч кимдин сунушун кабыл алган жокпуз жана албайбыз. Бизге чоң акча, жакшы шарттардан дагы маанилүү Кыргызстан, намыс деген бийик сезимдер бар. Биз ошондуктан өз өлкөбүздүн гана күрөшчүлөрү болобуз»,-деди Изабеков. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter