У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кош бойлуу кезде аз кандуулук менен ооруган энелердин наристелери дене жана акыл – эс жагынан өсүүдөн артта калып, иммунитетти төмөн болот


Аз кандуулук – Биздин өлкөдө кеңири жайылган оорулардын бири. Бул оору көбүнчө кош бойлуу аялдарда көп кездешет. Аз кандуулук  адамдын организмине темирдин жетишсиздигинен улам келип чыгат. Бирок азыркы учурда бул нерсеге көпчүлүк аялдар маани бербей, кош көңүл мамиле жасап, дарыгерлер сунуш кылган дарыларды ичүүдөн баш тартып келишет. Дарыгерлердин  кеп-кеӊешин укпай, айткан дарыларын ичпей жаткан энелер  курсагында жаткан баласынын ден соолугуна чоң коркунуч жаратып жатканын этибарга албайт. Чынында кош бойлуу кезде темирдин жетишсиздиги же аз кандуулук менен жабыркап, анын алдын албаган энелердин балдары дене жана акыл – эс жагынан өсүүдө артта калып, иммунитетти төмөн болот да ар кандай жугуштуу ооруларга бат чалдыгып, төрөлгөндөн кийин толук кандуу өсүп- жетилүүсүнөн аксайт экенин адистер айтышууда. Аз кандуулук менен жабыркаган айымдардын төрөтү оор болуп, төрөт учурунда кан токтобой, бала менен эненин өмүрүнө чоң коркунуч туулат. Ошондуктан мындай ооруларга кайдыгер карабай, убагында дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, сунуштаган дарыларды, витаминдерди ичип туруу зарыл. 
 
Аллергия чакыруучу жемиштер -  Кош бойлуу кезде тамак- ашка абдан кылдат көңүл бөлүү азыркы учурдун эң башкы талабы болуп турат. Анткени жыл өткөн сайын экологиялык жактан таза тамак – аштардын саны күн сайын кыскарууда. Дары- дармектер менен өстүрүлгөн азыктар көп болуп жаткандыктан колдон келишинче кайнатылган тамактарды, колдо өстүрүлгөн азыктарды жегенге аракет жасоо керек. Өзгөчө  апельсин, мандарин, лимон сыяктуу жылуу климатта өссө турган мөмө- жемиштерди жегенден алыс болуш керек. Анткени мындай мөмө- жемиштер бала төрөлгөндөн кийин аллергия болушуна шарт түзөт жана басымдуу бөлүгү Кытайдан алынып келингендиктен   ден соолукка терс таасир этет. 
 
Сасык тумоо – Сасык тумоо кош бойлуулардын биринчи душманы экенин дарыгерлер байыма бай айтып келишет. Өзгөчө биринчи үч айлыкка чейин сасык тумоо менен ооруган кош бойлуу аялдардын балдарынын майып болушу же бойдон түшүү, ичтен чарчап калуу коркунучу чоң экенин адистер белгилешүүдө.  Бирок азыркы социалдык абал оор кезде буга маани деле бербейбиз. Эптеп акча таап, курсак тойгузсак болду. Курсактагы баланын абалы менен көп деле баш оорутпайбыз. Анан төрөгөндө эмнеге мындай, эмнеге  тигиндей менде баары жакшы болчу деп дарыгерлерди күнөөлөп чыгабыз. Мындай окуялар, көрүнүштөр абдан эле көп. Керек болсо кош болуу кезинде дарыгерлердин көзөмөлүнөн бир дагы жолу өтпөгөн айымдарыбыз бар экенин тана албайбыз. Айрымдарыбыздын
 социалдык шартыбыз туура келбесе, кээ бирлерибиз кайдыгерликтен улам өз балдарыбыздын ден соолугуна балта чабуудабыз. Ошондуктан балалуу болууну максат кылган ар бир ата- эне, анын жакындары, үй- бүлөсү толугу менен кош бойлуу аялдын ден соолугуна, анын оорубай жакшы жүрүшүнө, толук   кандуу тамактануусуна, эс алуусуна шарт түзүшү зарыл болууда. Бул камкордук келечекте өз үй- бүлөсүнө ден соолугу чың, акыл – эстүү баланын төрөлүшүн шарттайт. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter