У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогун утуп алды


Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда чемпиондукту жеңди. Финалдык кармашта балбан латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утту.

Тыныбекова жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңген. 62 килограмм салмакта килемге чыгып, алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду уткан.

15-декабрда кыргызстандык дагы бир балбан Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты.

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан мелдеш 12-декабрда башталып, алгачкы эки күндө грек-рим күрөшүнөн балбандар күч сынашты.

Буга чейин кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогунун алтын медалын утуп алган. 13-декабрда Руслан Царев бул мелдеште коло медаль тагынды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter