У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Британияда коронавирустун жаӊы түрү табылды


Британиялык дарыгерлер коронавирустун жаңы түрүн аныкташты. Ал адамдан адамга бат жугат. Бул тууралуу Би-Би-Си саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкоктун парламенттеги билдирүүсүнө шилтеме берип жазды.
 
Маалыматка ылайык, коронавирустун бул жаңы түрүн жуктурган учурлар Британиянын 60 районундагы ооруканаларда байкалат. Учурда илдеттин жаӊы түрү Солсбериге жакын жердеги Портон Даун аскердик лабораториясында изилденип жатат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна буга чейин жаңы штамм жөнүндө эскертүү берилген. 
 
«Биз негизинен Англиянын түштүгүндө коронавирустун жаӊы түрүнүн миңге жакын учурун аныктадык»,- деди ал.
 
Вирустун жаңы түрүнүн бат жайылышы, анын адамдардын арасында жугуштуу болушуна байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтышууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter