У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жогорку соттун судьясы кармалды, ал эбегейсиз баюуга шектелүүдө


 
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы эбегейсиз баюуга шектелген Жогорку соттун судьясын кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Кармалган адам Камил Осмоналиев экени айтылууда. Анткени, маалыматта көрсөтүлгөн О.К.Т. деген инициалдарга судья Осмоналиев Камил Турдубековичтин аты-жөнү дал келүүдө.
 
Мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сот тутумундагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу ишинин жүрүшүндө, Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы О.К.Т. тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады. Топтолгон материалдардын негизинде УКМКнын АКСы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинде (мыйзамсыз баюу) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
 
Шектүү О. К. Т эч кандай киреше булактары жок болсо да, көптөгөн кыймылсыз мүлктөргө ээ болгон. Ал VIP-шаарчадагы элиталык имараттарды, Ысык-Көлдүн жээгинен престиждүү пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алган. О. К. Т мүлктөрүн башка кишилерге каттаткан жана анын туугандары, жакындары, өзү Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, АКШ жана мамлекеттердин курорттук аймактарына байма-бай каттап турганы белгилүү болду.  
 
Ошондой эле судья О.К.Т. мыйзамсыз ээ болгон кыймылсыз мүлктөрдү жашыруу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарда жарандык-укуктук келишимдерди каттаган эмес. Ал эми мүлктөрүн сатууда жана сатып алууда киреше булагы жок адамдардын атынан иш жүргүзгөн. Ал коммерциялык ишканалардын бирине, биргелешкен ишкерлик жүргүзүү максатында декларацияда көрсөтүлбөгөн 150 миң АКШ долларынан ашык акча каражаттарын бергени тууралуу маалымат бар. 
 
Мындан тышкары О.К.Т. өзүнүн чечими менен Убактылуу өкмөттүн Максим Бакиевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктү улутташтыруу жөнүндө декретин жокко чыгарып, муну менен мамлекетке миллиондогон зыян келтирген. Жогорудагы чечими үчүн улутташтырууга жаткан мүлктүн бир бөлүгүн сый акы катары өзүнө алган.
 
 
Ал кечээ, 14-декабрда кармалган. Бүгүн, 15-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, УКМКнын абагында камакта калтырды. Тергөө уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter