У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Декабрдын аягында күйүүчү майга болгон баа 1,5-2 пайызга кымбаттайт


 Декабрь айынын ичинде күйүүчү майга болгон баа 1,5-2 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, күйүүчү майларды дүңүнөн сатууга болгон баалар акырындык менен көтөрүлүп жатат. Буга карабастан, мунай сатуучулар акыркы айларда болгон запастын эсебинен күйүүчү майдын наркын өзгөрүүсүз сактап турушту. Россиянын мунай зат рыногунда күйүүчү-майлоочу материалдардын баасынын өсүшү байкалууда. Бул өлкө базарында мунай затынын кымбатташына алып келет.
 
Нефтетрейдердик компаниялар баалардын өсүшүн жөнгө салууга жана кескин өзгөрүүлөргө жол бербөө саясатын улантууга ниеттенишүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter