У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алмамбет Шыкмаматов: Матраимов мамлекетти башкарып жатат...


Матраиомв «рулит» деген сөз бекеринен чыккан жок. Матраимов кадимкидей эле процесстер менен рулит. Ага каршы чыкандар камалып, кылмыш иши козголуп жатат. Миңдеген тролл журналисттери бар. Баш көтөргөндөрдү согуп жатат.

Мына «Мекеним Кыргызстан» партиясынын артында Матраимов турат. Аны Матраимов өзү деле жашырып «жок» деп айткан жок да. Матраимов «партияны мен каржылайм» деп ачык эле «вызов» таштады. Чакырык жасады.

Матраиомовдун маселеси «подпольяга» түштү. Астында мурункудан да күчтүү кайнап жатат. Эки кишинин башы кошулган жерде эле «Матраимов рулит. Матраимов башкарып жатат» деген сөз. Мына азыр жергиликтүү шайлоо болуп жатат президенттин партиясынын балдары менен Матраимовдун балдары согушуп жатат.  Бандиттери чабышып жатат. Же эмне мен оюман чыгарып жатамбы?

Бул эми улам-улам коомго, мамлекетке «мен сазайыңарды берем деген «вызов» жасап жатат. Сөздүн төркүнү парламентке келип туруп,  мамлекетти башкарам деген ниети бар. Президенттин партиясы бар го «Кыргызстан» «Биримдик» деген ошол партиялар 2023-жылы «Мекеним Кыргызстан» партиясынын филиалы болуп калат. Ошондой план, стратегия менен кетип баратат. Ошол стратегия чыкылдап иштеп жатат.

Матраимов президентти, сот, прокурорлорду уят кылып жатат. Ал саясатка аралашып ката кетирип жатат. Элге, мамлекетке, жумурай-журтка «билгениңерди кылгыла, сазайыңарды берем» деген ачык чакырык жасап жатат.

Булак: Майраш Базлакунованын ютуб каналы…


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter