У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: «Коррупциялык иштер боюнча камалган тааныштарымдын туугандары чыгарып бер деп келип жатышат»


Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Бул тууралуу президенттикке талапкер Садыр Жапаров билдирди. 
 
«Башкы прокурор, УКМК, ИИМ, Каржы полициясынын башчыларын дайындап жатканда: 
«Мен эч бир олигархты же кайсы бир чиновниктерди калкалабайм. Мамлекеттин казынасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкан болсо, мейли, ким болбосун жооп берүүгө тийиш» деген элем. Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «Айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу, туугандар»,-деди Садыр Жапаров




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter