У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыркуловдун өлүмү же сырдуу 13 саны…

 
Мындан тура 11 жыл мурун Бакиевдин президенттик администрациянын мурдагы башчысы, Кыргызстандын чоң саясатындагы «көмүскө башкаруучу» атыккан Медет Садыркулов ырайымсыз түрдө өлтүрүлгөн. 
 
Тактап айтканда, Медет Садыркуловдун жана анын эки сапарлашы - Стратегиялык изилдөөлөр институтунун экс-жетекчиси Сергей Слепченко менен айдоочусу Кубат Сулаймановдун сөөгүнүн калдыктары 2009-жылдын 13-мартында Аламүдүн капчыгайындагы жолдун чекесинде өрттөнүп кеткен машинадан табылган.
 
Бул кабар өлкөгө желдей тараары менен ал кездеги Бакиевдин бийлиги «Медер Садыркулов автокырсыктан мерт болду» деп жарыялаган. Бирок ошондо эле бул маанидеги расмий кабарга көпчүлүк ишенген эмес. Коомчулук, бул кылмыштын артында бийликтин кулагы чыгып турганын, башкача айтканда Курманбек Бакиевдин иниси, ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев турганы айтылган. 
 
Медет Садыркулов баштаган үч адамдын өлүмү боюнча кылмыш иши 2010-жылдан соң тергелип, күнөөлүүлөр аныкталды. Соттун чечими менен бул кылмыш боюнча 20дан ашык адамга айып коюлган. Ага ылайык, Садыркуловду өлтүрүү планын ошол кездеги президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев жетектегени аныкталган. Соттун чечимине ылайык, Курманбек Бакиев 24 жылга, ал эми Жаныш Бакиев өмүр бою сыртынан кесилген. Учурда бул иш боюнча соттолгон 7 киши издөөдө жүрөт.
 
Ушул кезге чейин Медет Садыркуловду коштогон 13 санынын сыры көпчүлүктү таң калтырып келет. Алсак, Садыркулов  1953-жылы 13-декабрда төрөлүп,  2009-жылы 13-мартта өлтүрүлгөн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter