У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай эртеңден баштап «Эркеч-Там», «Торугарт» пункттары аркылуу өткөн унаалардын санын көбөйтөт


Кытай 3-декабрдан баштап «Эркеч-Там» жана «Торугарт» пункттары аркылуу өткөн унаалардын санын көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган маселе Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиковдун Кытайдын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен кезектеги жолугушуусунда талкууланды. 

Буга чейин өкмөт тарабынан Кытай мамлекетине көзөмөл-өткөрүү пункттарынын жумушчу убактысын 8ден 12 саатка чейин жогорулатуу жана пункттар күн сайын, анын ичинде дем алыш күндөрү да иштөө режимине өткөрүү сунушталган.

"Автотранспорттун санынын болжолдуу көбөйүшү суткасына 30 машинаны түзүшү ыктымал. «Эркеч-Там» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында Кытай тарап эки кампа куруу, контейнер үчүн кран орнотуу тууралуу чечимин кабыл алгандыгы маалымдалды".

«Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши аба ырайынын шарттарынан көз каранды жана коронавирустук инфекциянын жайылышынын алдын алуу алкагындагы кытай тарап аркылуу кабыл алынган чараларга, ошондой эле өткөрүү пункттары аркылуу жүктөрдүн өтүүсүнүн өзгөчө алгоритми менен түздөн-түз байланыштуу.

Артём Новиков Кытайдын элчисине Кыргыз-Кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишине байланыштуу маселенин ыкчам чечилиши үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз өкмөтү көзөмөл-өткөрүү пункттарынан унааларды өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынып жаткан бардык чараларды колдоого алууга даяр экендигин белгиледи.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter