У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Курманбек Дыйканбаев депутат Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө берди


 
24-ноябрда 7 миллион сом пара алууга шектелип кармалган президенттин Жогорку Кеӊештеги мурдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаев депутат Төрөбай Зулпукаровго каршы көрсөтмө берди. Бул тууралуу vb.kg басылмасы Улуттук коопсуздук органдарындагы жеке булактарына таянып жазып чыкты.
 
Маалыматка ылайык, Курманбек Дыйканбаев тергөө менен кызматташып баштады.
 
Курманбек Дыйканбаев 24-ноябрда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча камакка алынган. Биринчи май райондук соту Курманбек Дыйканбаевди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. 
 
Тергөөнүн жүрүшүндө, Курманбек Дыйканбаев 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо учурунда саясий партиялардын биринин кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызмат орундан бошотом деген коркутуу менен 7 миллион сомдон ашык суммадагы акча каражатын которууга мажбурлаганы тастыкталды. 
 
Такталбаган маалыматтарга караганда, бул “Дастан” мамлекеттик ишканасы болушу мүмкүн, анткени анын жетекчиси Талантбек Иманов “Биримдик” партиясы менен шайлоого аттанып, талапкерлердин тизмесинде 9-орунда турган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter