У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Путиндин күзөт кызматына жоопкер болгон Захаров өзүн атып өлтүрдү


Москвада Кремлдин аймагынан Федералдык күзөт кызматынын кызматкери Михаил Захаровдун сөөгү табылды. Ал жетектеген бөлүм Орусия президенти Владимир Путиндин жеке күзөт кызматына жооп берчү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
 
Маалыматка ылайык, Захаров кызмат учурунда өзүн атып өлтүргөн. Анын кесиптештеринин айтканына караганда Захаровдун өлүмүнө Федаралдык кызматынын жетекчилеринин кайдыгер мамилеси жана жумуштун оордугу себеп болушу мүмкүн. Ал акыркы убактарда 15 сааттан иштеп жаткан. 
 
Ал эми атайын кызматтын кызматкерлери анын өлүмүнүн себеби жеке жашоосуна байланыштуу болушу мүмкүн экендигин билдиришти. 
 
Маркум Орусия президенти Путиндин атайын трассадагы коопсуздугун көзөмөл кылчу.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter