У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жактоочу: Алмазбек Атамбаев жакында эркиндикке чыгышы мүмкүн


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүн. Мындай пикирин анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Эске салсак, кечээ Жогорку сот Батукаевдин мыйзамсыз бошоп кетиши боюнча Атамбаевге кылмыш иши козголуп, аны 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча мурдагы өкүмдү жокко чыгарган. Андыктан жаңыдан кароо үчүн иш Биринчи май райондук сотуна жиберилген.
Жактоочу кийинки процедуралар туурасында Жогорку соттун соттук коллегиясынын чечиминин акыркы бүтүмү боюнча кагазды колуна алгандан кийин гана так айтарын билдирди.

"Бул иш боюнча камакка алууну караган баш коргоо чарасы белгисиз мөөнөткө колдонулган. Азыр өкүм жокко чыккандан кийин эми колдонулбай калды да. Андыктан Атамбаев коё берилиши керек", — деп түшүндүрдү жактоочу.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter