У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Новиков "Чалдовар" өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгүн сындады


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Чүй облусундагы "Чалдовар" өткөрмө пунктундагы айрым иштердин аткарылбай жатканын сынга алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Новиковдун айтымында, салык кызматына 15-ноябрдан баштап товарларды эсепке алуунун пилоттук тутумун киргизүү боюнча тапшырма берилген. Бирок жабдуулар орнотулбай эле үкөктөрдө салынган боюнча турат.

"Бул тиешелүү кызматтардын иштегиси келбегендиги. Бүгүнкү күндө товарлардын жүгүртүлүшүн көзөмөлдөгөндөрдүн ар биринин маалыматтары ар кандай. Алар өткөн транспорт каражаттарынын чыныгы санын чагылдырбайт. Системанын иши үзгүлтүккө учурагандыктан товарларды эсепке ала албайбыз. Бул коррупцияны жана тобокелчиликтерди жаратат", — деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ал коюлган тапшырмаларды аткарбаган адамдарга карата чаралар көрүлөрүн билдирди. Ошондой эле жакынкы күндөрү өткөрүү пунктуна дагы келип, жаңы системанын иштешин текшерерин айтты



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter