У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Гүлмира Абкадырова: "Ден соолугу чың адамдар коронавирус баш болгон жугуштуу ооруларга туруштук бере алат"

"Кудай сактанганды сактайт" дегендей, дүйнө элинин жүрөгүнүн үшүн алып жаткан коронавирус жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу ар бирибиздин инсандык милдетибиз. Өзүбүздүн, жакындарыбыздын  өмүрүнө, ден соолугуна кайдыгер мамиле кылбай, дарыгерлер сунуштаган эрежелерди толугу менен сактайлы. Короновирустан сактануу эрежелери, анын жугуу жолдору тууралуу Бишкек шаарындагы №18 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун терапевти  Абкадырова Гүлмира Султановна айтып берет. 

- Гүлмира Султановна, оорунун жугуу жолдорун айтсаңыз?
- Коронавирус оорусу башка курс респиратордук жугуштуу оорулардай эле адамдан адамга жугат. Сасык тумоо сыяктуу жөтөлгөндө, чүчкүргөндө ооруп жаткан адамдын жанында турган адамга аба аркылуу өтөт.

- Кантип туура коргонуу керек?

- Оорудан сактануу үчүн атайын Бүткүл Дүйнөлүк саламаттык Сактоо Уюму менен КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан вирустан сактануу эрежелерин толугу менен сактоо сунушталынат. 

- Кандай адамдар ооруну жеңил көтөрүшөт жана кайсылары оор көтөрүшү мүмкүн?
-  Кээ бир организмдер ооруга туруктуу болот. Маселен ден соолугу чың, мурда-кийин өнөкөт оору менен жабыркабаган, иммунитети күчтүү адамдар жуктуруп алса, аларда жеңил түрүндө өтүп кетүүсү мүмкүн. Ал эми кары-картаң адамдар, наристелер, тактап айтканда иммунитети алсыз адамдар оорунун кыйыныраак түрү менен жабыркашы мүмкүн. Негизи ден-соолугу чың адамдар мындай ооруларга туруштук бере алат. Ал үчүн сергек жашоо образын карманып, спорт менен машыгып, туура тамактанып жүрүү керек.  

Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter