У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аялды муунтуп өлтүрүп, алтындарын, буюмдарын алып кеткен шумпай кармалды


Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында аялды өз үйүндө муунтуп өлтүргөнгө шектелип, Ош облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-ноябрь күнү саат 18:30 чамасында Аксы районунун тургуну 102 кызматына телефон чалып, Кербен шаарында жашаган 49 жаштагы К.Ж. аттуу карындашын өзү жашаган үйүнүн бөлмөсүндө белгисиз бирөө жоолук менен муунтуп өлтүргөндүгүн кабарлаган. Окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барган.

Маркумдун башында кандын уюп калган калдыктары жана жанчылып жарылган жарааты, ошондой эле мойнунда муунтулгандан калган көгөргөн издери болгон. Аксы РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөн. Көп өтпөй 26-ноябрь күнү, Ош облусунун 38 жаштагы тургуну Т.Ф. убактылуу жашап жаткан батиринен кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү маркумду өлтүрүп, алтын буюмдарын, кол телефонун алып, андан кийин Ала-Бука районуна барган. Ошол жерден жеке таксиге отуруп Ош шаарына келе берген. Алып келген зер буюмдарды жана телефонун сатып батирге чыгып, жашырынып жаткан. Жактоочунун катышуусунда Т.Ф. суракка алынып, кылмышты жасагандыгы боюнча күнөөсүн мойнуна алган жана болгон окуя боюнча толугу менен көрсөтмө берген.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда бул кылмыш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter