У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирус бүгүн 5 адамдын өмүрүн алды, 115 бейтаптын абалы өтө оор


Кыргызстанда соңку бир сутканын аралыгында коронавирус жуктуруп алган беш адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Оорудан ажал тапкандардын төртөө Бишкек шаарында, бирөө Нарын облусунда.
Пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетинен 1 256 кыргызстандык көз жумду.
Мындан сырткары, учурда өлкөдөгү ооруканаларда вирус илештирип алган 2 875 бейтап жатат.
Алардын ичинен:
  • Канааттандырарлык абалда – 53 адам;
  • Орточо оордукта – 1 961;
  • Оор абалда – 746;
  • Өтө оор абалда – 115.
Ал эми 3 698 киши үй шартында дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланууда.
Амбулатордук дарыланууда 3 698 бейтап бар.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter