У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирус. Хабиб менен Фергюсондун беттеши өтпөй калышы мүмкүн


Спорт күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүп жаткан Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши дүйнөнү кооптондуруп жаткан жугуштуу вирустун айынан токтотулушу мүмкүн. UFCнин Президенти Дэна Уайттын божомолунда коронавирустун айынан беттеш токтолулуусу ыктымал. Мушкерлердин беттеши Нью-Йоркто  UFC 249 турниринин алкагында  18-апрелде өтмөк. Эки спорт жылдызынын беттеши эгер ушул сапар өтпөй турган болсо, 5-жолу токтотулган беттеш болмокчу. Тагыраагы буга чейин  төрт ирет беттешүүнү пландалып, бирок ал ишке ашпай калган.

Хабиб 2014-жылы тизесинен жаракат алып Тони менен октагонго чыкпай калат. 2016-жылы эки мушкердин мелдеши кайрадан уюштурулуп, бирок бул ирет америкалык мушкер жаракат алганына байланыштуу өтпөй калган. 2017-жылы 4-мартта Лас-Вегаста россиялык мушкер UFC уюмунун утурумдук чемпиону болуп турган Тони Фергюсон менен кайрадан беттешери айтылат. Бирок кармаш алдында Хабибдин абалы начарлап турнирге катышпай калат. 2018-жылы апрелде россиялык мушкер кайрадан Тони Фергюсон менен чемпиондук наам үчүн беттешери жар салынат. Бирок америкалык спортчу бутунан жаракат алганын айтып, кечирим сураган. Хабиб анын ордуна Эл Яквинта аттуу мушкер менен октагондон күч сынашып, калыстардын чечими менен утуп, алгачкы ирет UFC уюмунун чемпиондук курун тагынат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter