У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө бир катар банк жана дүкөндү тоношкон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түштү


Ысык-Көлдө көптөгөн уурулук иштери үчүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ушул жылдын февраль айынан октябрь айына чейинки аралыкта Ак-Суу районунан жана Каракол шаарынан банк мекемелеринен, ошондой эле соода түйүндөрүнөн бир катар уурулук фактылары катталган. Анда 10-февраль күнү белгисиз адамдар Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жайгашкан Мөл-Булак микрокредиттик компаниянын имаратынын эшигин сындырып киришип, 800 миң сомду түзгөн уюлдук телефондорду уурдап кетишкен.

Ал эми 21-июль күнү ушул эле айылда жайгашкан «Бай Түшүм» банктын имаратынан терминалды сындырышып, анын ичиндеги 91 миң 250 сом акча каражатын чыгарып кетишкен. Сентябрь айында, ушундай ыкма менен Каракол шаарындагы «Бакай Банк» банктын терминалындагы акча каражатын алууга аракет көрүлгөн. Октябрь айында Каракол шаарынын соода түйүндөрүнөн бирдей ыкмада жасалган 3 уурдоо фактысы катталып, 50 миң сомдон ашык турган буюмдар уурдалган. Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар территориалдык ички иштер бөлүмдөрүндө Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жакында Ысык-Көл ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын жана уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмыштарга шектүү адамдардын аты-жөнү аныкталып, колго түшүрүлгөн. Алар ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары турушкан Ак-Суу районуна караштуу Бөрү-Баш айылынын 31 жаштагы тургуну А.А. жана Чүй облусунун Лебединовка айылынын 35 жаштагы жашоочусу О.У.
Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, камакка алынышкан. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, алардын ушул өңдүү кылмыштарга катыштыгы бар, же жоктугу текшерилүүдө.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter