У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Ата Мекен» партиясынын штабына белгисиз адамдар келип, Текебаевдин кечирим сурашын талап кылышты


Бүгүн 21-ноябрда “Ата-Мекен” партиясынын штабына белгисиз 20га жакын балдар келип, ызы-чуу чыгарып, Өмүрбек Текебаевдин келип кечирим сурашын талап кылышкан. Бул тууралуу Эркин Жолочу фейсбуктагы баракчасына жарыялады. 
 
«Кечээ Садыр Жапаровдун өзүнүн оппоненттерине бир чети орой, бир чети агрессивдүү айткан “эл бузарлар, жүзү каралар, акмактар” деген сөзүнөн, мамилесинен кийин кээ бир кошоматчылар аны сигнал катары кабыл алып, анын оппоненттерине чабуул жасаганга, провокация кылганга өтүштү. Илгери Бакиевдин убагында мындайды ОБОН аялдарды “агытып” жасашчу. Азыр ОБОН эркектер пайда болуптур. 

Бүгүн, дем алыш күнү, саат 15:40 чамаларында “Ата Мекен” партиясынын штабына 10 чакты эркек келип, жаңжал салып кетишти. Жөн кетпей, чоң эрдик жасагандай, ызы-чуу чыгарышканын өздөрү видеого тартып, анан шефтерине отчет бергени кетишти. Эгер, бийлик Текебаев менен эсептешкиси келсе, өзү менен маданияттуу сүлөшпөйбү. 

Ызы-чуу чыгарып келгендерине шылтоо – “Текебаев элди “никто” деп айтты, кечирим сурасын” дешет. Сабаты бар, кыргызча түшүнгөн адамга Текебаев президенттин Аппаратындагы жашырынып Конституциянын долбоорун жазган юристтерди – майда чиновниктерди айтты, “силер мыйзамды аттап, өз каалаганыңарды кыла албайсыңар, силер эч ким эмессиңер!” деп. 

ИИМге, УКМКга кулак кагыш, бүгүнкү “Ата Мекендин” штабына келип ызы-чуу чыгарып кетишкендерди таап, чара көргүлө!!!

Эгер, бийликтегилер мындай аракеттерди көзөмөлдөбөсө, токтотпосо, бөлүнүп-жарылууга, граждандык конфликтке алып келиши толук мүмкүн. Коомдук тартипти, коопсуздукту камсыз кылуу, башаламандык жаратпоо – бул бийликтин негизги милдети!»-деп жазылат.

[video=]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter