У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нурбек Айдаров, ырчы: "Кезинде мага караганда келинчегимдин атактуулугу өтө бийик болчу"

Убагында “Кызыл гүлүм ай” аттуу ыры менен миңдеген күйөрман топтогон жылдыздуу ырчы Нурбек Айдаров менен кызыктуу маек.


  • Нурбек мырза, чыгармачыл инсандар чыгармачылыктан бир аз алыстаса эле катуу депрессияга түшүп, өзүн таштап салышат эмеспи. Негизи эле көптөн бери ырдаганыңызды көрө элекпиз. Тыныгуу жасап жатасызбы?
  • Туура, чыгармачылыктан акыркы убакта жубайым Жанара экөөбүз тең алыстап кеттик. Экөөбүз үй, тиричилик менен алек болуп жатып, чыгармачылыкка кенен көңүл бура албай, гастролдорго чыкпай, ырларды жаздырбай көбүнчө тойлор менен алек болуп кеттик. 

  • Жалпысынан алганда Жанара экөөбүз 14 жылдан бери элибиздин жакшылыктарында кызмат кылып, тойлорду баштан аяк тейлеп келе жатабыз. Учурдагы негизги жумушубуз да той болуп калгандыгына байланыштуу чыгармачылыктан бир аз оолактай түштүк. Жакшы эле чыгынып дуэттерди жаздырып, клиптерди тарттыралы деген ойлорубуз бар. Экөөбүз тең чуркап барып ыр жаздырганга чыгына албай жатабыз. Буюрса жакшы тилектер, максаттар бар. Жакында ишке ашырып, элибизге кайрадан  талантыбызды тартуулайбыз деген изги тилектерибиз бар.

  • Убагында “Кызыл гүлүм ай” аттуу ырыңыз менен миңдеген күйөрман топтогонсуз. Бул ыр сиз үчүн ак жолтой ыр болсо керек?
  • Албетте “Кызыл гүлүм ай” деген ыр мен үчүн ак жолтой ыр болду. Ал менин визиткам, тумарым болуп бере алды. “Динара” тобунан өз алдынча бөлүнуп чыгаарым менен эле ушул ырды жаздырып чынында ошол кезде бир топ ийгиликке жеткем. Ушул ырдын артынан түгөйүмдү тапкам, көптөгөн күйөрман топтой алдым. Ырды бир түндө аранжировкасын жазып, ырдап чык деп түрткү берген досум Мирлан Ниязовго терең ыраазычылыгымды айтам. 

  • Жанара эже экөөңүздөр тең азыркыдай интереттин өнүккөн заманында эмес, телефон эмиден чыгып жаткан заманда төбөңүздөр көрүндү эле. Ал кезде атактуу болуу азыркыдан кыйла оорураак болгон эмеспи...
  • Убагында мен деле укмуш атактуу болчумун дегенден алысмын. Бир ыр жаздырып алып эле атактуу болуп кеттим, укмушмун дегендерден эмесмин. Мага караганда менин келинчегимдин атактуулугу ошол учурда өтө бийик болчу. Жанара ошол учурда мен-мен деген диджейлердин бири эле. Кыргызстан обондорундагы бирден бир атактуу, алдыңкы диджей болгондугуна байланыштуу менден далай тепкич бийикте турчу.

  •  Ал өзүнүн өжөрлүгү, талыкпаган эмгегинин арты менен далай бийиктиктерди багындырды. Мен анын талантын баалайм жана өмүр боюу урматтайм. Азыр болсо элге таанылуу кыйла жеңил болуп калгандай...Сүрөткө түшүп эле инстаграмга чыгарып коюп атактуу болгондор абдан көбөйдү. Бирок Жанара экөөбүз андай курактан өтүп кеткенбизби же биздин табитке туура келбейби айтор замандын агымы менен ага албай койдук. Бизге көп тааныштарыбыз чыккан тойлоруңардын баарын инстаграмга жайгаштыргыла, каякка барсаңар сүрөт жүктөп тургула, өзүңөрдү кичине жарнама кылбайсыңарбы   деп айтышты.

  •  Бир-эки жолу аракет кылып көрдүк, бирок биздин табитибизге туура келбейт экен. Кечке эле тойдо жүрө беришеби деген сөздөн уялат экенбиз, жөн эле сүрөтүбүздү чыгара беребизби деп өзүбүзчө сүйлөшүп күлүп калабыз. Келинчегим да бул нерсени алып кете алган жок, мен дагы көңүлдөнгөн жокмун. Балким ушундай куракка келип калганмынбы, айтор тынбай эле инстаграмга сүрөт жайгаштыргандан уялып калыптырмын.

  • Жанара эже кезинде менден да атактуу болчу деп калбадыңызбы, өзүңүздөн атактуу, жумурай журт сүйгөн бирден бир булбул үндүү кыздын жүрөгүн кантип багындырып алдыңыз эле?
  • Жанара экөөбүз азыркыдай өнүккөн заманда эмес, жупуну заманда таанышканбыз. Анда азыркыдай социалдык тармак деген жок, болгону пейджер аркылуу смс жөнөтө алчубуз. Бизди кудай тааныштырды, дал ошол смс аркылуу бири-бирибизди жактырып баш кошконбуз.
 
Маектешкен Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Ibetlu
  • 28-11-2022, 03:55
  • : 03:55
    • Нравится
    • 0
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter