У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Новиков: «Биз эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүүсүнө даяр болушубуз керек»


 Мамлекет коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр. Бул туурасында премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде билдирди.
 
«Өлкөдө коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу абал кооптуу бойдон калууда. Күн сайын 400-500 ашуун оорунун жаңы учурлары катталууда. Акыркы күндөрү оңдуу динамика байкалууда, бирок биз эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болушубуз керек. Коронавирус илдетинен курман болгондордун санын кыскартуу үчүн колдон келген бардык күч-аракетти жумшоо зарыл. Бейтаптарды ороруканага жаткыруу ыкчам жана кезексиз түрдө ишке ашырылыш керек. Аймактардагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен медициналык мекемелердеги бош орундар, ошондой эле дары-дармектердин, жеке коргонуу каражаттарынын, медициналык жабдуулардын бөлүштүрүлүшү боюнча так графикти даярдоо зарыл. Мындан тышкары, бардык ооруканаларды энергия менен жабдуучу автономдук генераторлор менен камсыздоо зарыл», - деди Артем Новиков.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter