У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бектур Асанов: "Садыр шайлоого катышпаш керек"


Мурдагы элчи, саясатчы Бектур Асанов Кубанычбек Кадыров  экөө Президенттик шайлоого катышып жатышканын жана алардын мурдагы  “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” беренеси боюнча  соттук отуруму жакында болорун, ага байланыштуу Садыр Жапаров экөөнү шайлоого катышуудан четтетип коюшу мүмкүн экендигин жар салды. Эгерде соттун шылтоосу менен экөөнү шайлоодон чететтүү аракети көрүлсө, анда алар кургак ачкачылык жарыялай тургандыгын айтышты.

"Биздин сотту жылдырып, шайлоого катыштырбай коюшса  кургак ачкачылык жарыялайбыз. Бизде тажрыйба бар, абакта отурганда 17 күн кургак ачкачылык жарыялаганбыз. Анда 3 күндө витамин берип башташкан, азыр биз витамин алуудан да баш тартабыз" дейт ал.

Ошондой эле Асанов аларды шайлоого катышуудан четтетсе, анда Жапаров да шайлоого барбаш керек экендигин кошумчалады.

"Биздин талап мындай, биз катышпасак Садыр да катышпаш керек. Бизде кылмыш жасалган эмес, Садыр Жапаровдун ишинде болсо, кылмыш болгон, бир тууган жээни, бир туугандары катышкан. Алар мойнуна алган. Бизди жөн гана сүйлөшүп отурганыбызды бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатышат деп камашкан. Ошондуктан биз катышпасак Садыр да катышпаш керек деген талапты коюп жатабыз" , - дейт ал.



Мындан сырткары жаңыланган Конституцияга каршы митинг уюштуруу ниеттери бар экенин да баса белгиледи. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter