У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Токтайым Үмөталиева: "Ачкачылык жарыялайм! Кол чогултуучу бланктан шайлоочулардын телефон номери жазылуучу графаны алып салгыла"


Президенттикке талапкерлигин койгон Токтайым Үмөталиева кол чогултуучу бланктан шайлоочулардын телефон номери жазылуучу графаны алып салууну талап кылууда. Бул тууралуу  Үмөталиева өзү билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш мыйзамга каршы келет.
"Көпчүлүк шайлоочулар жеке маалыматтарын бланкка жазуудан кооптонушат. Анткени айрым мамлекеттик кызматкерлердин, ишкерлердин, саясатчылардын телефондору тыңшоого алынышы мүмкүн. Жеке маалыматтар башка күчтөргө, атаандаштарга берилип калышы мүмкүн. Борбордук комиссиясынын мындай кадамы таптакыр мыйзамсыз. Ошондуктан бланктагы бул графаны алып салууну талап кылам. Болбосо Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында ачкачылык жарыялаганга чейин барам", - деди Үмөталиева.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter