У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өмүрдү сактоо үчүн 100 000 сом


Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнү 20-ноябрда белгиленет. Дал ушул күнү 1959-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы Балдардын укуктары боюнча декларацияны, ал эми 1989-жылы - Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияны кабыл алган. БУУнун Башкы
Ассамблеясы бардык өлкөлөргө бул датаны балдардын дүйнөлүк бир туугандык жана өз ара түшүнүшүү күнү катары белгилөө тажрыйбасын киргизүүнү сунуш кылды. БУУ Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүн майрамдоо элдердин тилектештигин жана кызматташтыгын чыңдоого кызмат кылат деп болжолдойт.

Албетте, бийликтин, бүтүндөй коомдун жана ар бир жарандын биргелешкен аракеттери менен гана биз балдарыбызга татыктуу учурду жана жакшы келечекти камсыз кыла алабыз. Чоңдордун милдети - ар бир баланын камкордугу жана курчалышы үчүн колдон келгендин бардыгын жасоо.
Бул күнү жардамга муктаж балдар үчүн коомдук жана коммерциялык уюмдар тарабынан кайрымдуулук акциялары өткөрүлөт. 

Албетте, биздин “Help the Children - SKD” фонду эч качан кайрымдуулуктан баш тартпайт. Жыл сайын, 20-ноябрда, чогултулган каражаттын көлөмүнө жараша, ооруканаларга медициналык шаймандарды, кымбат баалуу дары-дармектерди, кан препараттарын сатып алабыз, бул биздин балдардын өмүрүн сактап калуу үчүн абдан маанилүү.

Гематология бөлүмүнө жыл сайын 900дөн ашуун кан ооруларынын ар кандай түрлөрү менен ооруган балдар кабыл алынат, мисалы: апластикалык жана гемолитикалык анемия, гемофилия, Даймонд-Блэкфен аз кандуулук, темир жетишпестик анемиясы, ИТП, геморрагиялык васкулит ж.б.

Апластикалык анемия эң оор кан ооруларынын бири. Бирок өз убагында жетиштүү дарылоо жүргүзсө, божомолу жакшы.

Апластикалык, гемолитикалык анемия жана Даймонд-Блэкфен анемиясы менен ооруган балдарга ай сайын ар кандай кан препараттарын куюу керек, негизинен үч жолу жууган эритроциттик масса. Ушундай процедуранын баасы 2000 сомго жетет.
Тилекке каршы, көпчүлүк ата-энелерде мындай каражат жок болуп калат.

2020-жылдын башынан бери 170 000 сомго кан препараттары берилген. Ал эми бүгүн, ушул айтылуу күнү, Бишкек эл аралык аялдар клубунун жардамы менен, эки балдар бөлүмүнө - Ош балдар клиникалык ооруканасынын онкология бөлүмүнө жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы гематология бөлүмүнө 100 миң сомго кошумча кан препараттарын сатып алдык.

Майрам алдында балдарга да, чоңдорго да чың ден-соолук, ийгилик, бакубатчылык жана боорукердикти каалайбыз!
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter