У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Замирбек Тургунбаев: "Камчы, апама асылба, мен өзүм барам!"


Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев учурдагы УКМКны жетектеп жаткан Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасады. Анын айтымында УКМКнын кызматкерлери Тургунбаев чет өлкөдө дарыланып жаткан учурда үйүнө тинтүү жасап, 68 жаштагы апасы менен 12 жашар тестиер уулуна автомат такап, коркутушкан. Мындан улам айыл өкмөтү Ташиевге кайрылып, энелерге тийишпөөгө жана күнөөсү болсо өзү тартат экенин айтты. 

"Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич! Сиз да убагында энеңиз менен сыймыктанып жүрчүсүз, энеңиздин бейиши болсун! Мен да сиздей болуп энеме кызмат кылып жүргөн пендемин, күнөөм болсо өзүм тартам, энеме асылбаңыз. Биздин УКМКнын алы 12 жашар бала менен 68 жаштагы апага эле жетип калганбы? Сиздин жигиттериңиз беткап кийип алып, автомат менен үйгө кирип барып энемдин үрөйүн учуруптур" дейт ал. 

Эске салсак, Тургунбаевдин айланасында мурдатан эле "эң бай айыл өкмөтү" деген айыңдар тарап, айылдык кеңештин депутаттары анын мыйзамсыз байыганын, жогорку билими жоктугун бир нече жолу маалымат булактарына жазып, арызданып келишкен. Тургунбаев алардын бардыгы курулай ушак экендигин, бюджетти толтуруп жаткандыгын айтып, маалымат жыйындарды өткөрүп келген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter