У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кара-Суу районундагы эки айыл өкмөтүнүн үйүнө тинтүү жүргүзүлдү


Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай жана Сарай айыл өкмөт башчыларынын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. 
 
Мекеменин маалыматына ылайык, өкмөт башчылардын үйүнө болгон тинтүү соттун санкциясынын негизинде жүргүзүлгөн. Сарай айыл өкмөтүнүн башчысынын үйүнөн атылбай турган курал табылып, ал экспертизага жөнөтүлгөн. Ыкчам иш-чара Ош облусунда жана Ош шаарында кылмыш жасоо үчүн уюшкан топту түзүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлдү. 
 
Мунарбек Сайпидинов Савай айыл өкмөтүн 2016-жылдан бери жетектеп келет. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан талапкер болуп катышкан. Ал- Райымбек Матраимовдун өкүл баласы. 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter