У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткен театры актёр Тилек Жумагазиевге көмөк көрсөтөт


Баткен театрынын жамааты белгилүү актёр Тилек Жумагазиевге материалдык жардам көрсөтөт. Бул тууралуу аталган театрдан маалымдашты. 

"Таланттуу кесиптешинин абалына кайдыгер карабаган Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын эмгек жамааты бир күндүк маянасын аз да болсо көмөк көрсөтүү үчүн которууга даяр. Эң башкысы мындай мыкты актёрлор кыргыз театр искусствосуна аба менен суудай зарыл экенин баса белгилешти. Кесиптешибиз Тилек Жумагазиевге ден-соолук каалап, батыраак сакайып кетишин каалайбыз" деп билдиришти театрдын жалпы жамааты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter