У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Рыскелди Момбеков менен Эмил Токтошевди суракка чакырышты...


Конституцияга каршы чыккандарга басым башталды. Кечээ Жанар Акаев менен Мирлан Жээнчороев ИИМге сурака чакырылса, бүгүн Рыскелди Момбеков менен Эмил Токтошевди суракка келүүгө чакыруу беришти. 
 
Бул эмне деген жорук? Эч нерсе боло электе минтип жатышса, Конституция кабыл алынып калса, Жапаров өзүн таза Кудай сезип, Текебаев айткандай Түркмөнстан жолдо калат го... 
 
Өңү кызыл бат оңот. Зордун түбү кор экенин тез эле сезесиңер. Эсиңерге келгиле. Жапаров сыноону, дөөлөттү, мансапты көтөрө албай калды. Дөөлөт тоголок, колдон бир жылмышса токтобойт. Ынсапсапсызга кашык берсең беш ууртайт болгон ач көздүгүңөр түбүңөргө жетет. 
 
Акыйкатты, өз оюн айткандарды куугунтуктаган эзели оңгон эмес. 
 
Түрмө силерге сабак болбоптур! Баягы эле эскилердин өкүм зордук жолуна түшүп ит болуп жатасыңар. Алсыз, арсыз адам гана бийликке жетсе, маселени күч менен чечем деп жаңылат.
 
Чү дегенде эле ээрге кыйшык отурдуңар. Силерге эмне кулдук уруп тургандар эле керекпи? Өз оюн, өз чындыгын айткандар душманбы? Минтип коркутуп, үркүтүп баарынын оозун жаба албайсыңар. Эсиңер болсо этегиңерди жыйгыла.

Эл революцияны Жапаров түрмөдөн чыгып Конституцияны өзгөртсүн, каршы болгондорду куугунтуктасын, элдин жеңишин уурдап алып, ботко чалсын деп жасаган эмес...



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter